Тейлөө шарттары

Google'дун ("Кызмат") маектешүү функцияларын колдонуу менен, Google Тейлөө шарттарына, Google'дун Купуялык саясатына, ошондой эле ушул кошумча шарттарына (баары биригип, “Тейлөө шарттары”) макулдугуңузду билдиресиз.Маектешүү функциялары телефон номерлери аркылуу иштегендиктен, ал телефон номерлерине байланышуу үчүн башка кызмат көрсөтүүчүлөр аркылуу өтүшү мүмкүн. Кызматты камсыздоо үчүн байланыштарыңыз кез-кезде маектешүү функцияларын иш-жөндөмүнө карата текшериле турганына макулдугуңузду бересиз. Google телефон номериңизди ырастоо жана кызматты камсыздоо үчүн кез-кезде түзмөк маалыматыңызды, анын ичинде түзмөктү аныктоочуларды же SIM картадагы маалыматтарды байланыш операторуңуз менен алмашып турушу мүмкүн. Бул тейлөө шарттар байланыш операторуңуз (б.а. байланыш оператору, чалуу, билдирүү жөнөтүү, анын ичинде SMS/MMS/ж.б.) тарабынан сунушталган функциялар жана кызматтарга карата колдонулбайт. Жазышуучу колдонмоңуздун жөндөөлөрүнөн Кызматты өчүрүп, аны колдонууну токтото аласыз.

Кызмат Google LLC'нин туунду компаниясы болгон Jibe Mobile, Inc., аркылуу сунушталган.